super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кимдин кыйкырыгы катуу чыкса эле позициябызды ага ылайыктап өзгөртпөшүбүз керек"

 

“Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланбай калгандар учурда "парламентти таркатуу керек" дешүүдө". Бул сөздү президент Алмазбек Атамбаев 11-мартта телеканалдардын бирине берген маегинде айтты. Өлкө башчы билдиргендей, камактагы депутаттар боюнча чечимди сот чыгарышы керек. "Чечимди Жогорку Кеңеш же президент эмес, сот чыгарыш керек. Ал эми азыркы парламентти таркатсак, кийинки шайлоодо өтпөй калгандар ал парламентти да таркатуу демилгесин көтөрүп чыгышат. Кийинки парламенттик шайлоого жакшы даярдык көрүп, мүмкүн болушунча таза өткөрүшүбүз керек. Баары мыйзам чегинде болушу керек, кимдин кыйкырыгы катуу чыкса эле ошого ылайыктап позициябызды өзгөртө берсек, анда алдыга жылбайбыз",- деди Атамбаев. Ал ошондой эле кыргыз элин ар бир шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, элдин акчага сатылбашы абдан маанилүү экендигин белгиледи.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: