super.kg logo

Кара-Сууда жыл башынан бери мамлекеттин эсебинен 426 800 сомго 63 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн араба сатылып алынды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда жыл башынан бери мамлекеттин эсебинен жалпы суммасы 426 800 сомго 63 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн араба сатылып алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-декабрда аталган райондун Социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 3-декабрь күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 19 адамга атайын арабалар берилди. “2015-жылдын 1-декабрына карата Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3774 жаран катталган. Аларга ай сайын мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 9 миллион 86 300 сом жөлөк пул берилет. Ал эми ден соолугун чыңдоо үчүн курорттук-санаторийлерге барууга 93 адамга акысыз жолдомолор берилген. Тактап айтканда, "Ысык-Көл" санаторийине 1, "Ысык-Ата" санаторийине 3 жана Мамакеев атындагы санаторийге 89 жолдомо берилген. Жолдомолордун жалпы баасы 1 миллион 314 400 сомду түзөт”,- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.12.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер жанаракта бир тема кирди эле жокго?долларды сактап калуу деген.
04.12.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара-Сууда иш илгерии
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: