super.kg logo
  Саясат  

Сотторду тандоо кеңеши боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканы айтылды

 
Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун аймактык директору Фред Хьюстон

Борбор калаада бүгүн соттордун көз карандысыздыгы жана алардын тынчтыкты орнотуудагы орду талкууланып жатат.

Анда Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун аймактык директору Фред Хьюстон: “Акыркы учурдагы дүйнөдө болуп жаткан окуялар мыйзамдын үстөмдүүлүгү тынчтыкты орнотуудагы маанилүү нерсе экендигинен кабар берип жатат. Кыргыз мамлекетинде тынчтыкты орнотуудагы негизги багыттарды изилдеп чыккан жумушчу топко ыраазычылык билдирем. Чындыгында эле судьялар үчүн шарттар жакшыртылып, окутуу борборлорунун иштеши менен соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо максатында алгачкы кадамдар жасалды. Соттун алдында бардык адамдар бирдей. Ооба, бул Конституцияда каралган, бирок ал жакта да көйгөйлөр бар. Бүгүнкү конференцияда бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун аныктайбыз деп ишенем”,- деди.

Сот системин реформалоо приоритеттүү багыттардын бири экендигин белгилген Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова: "Акыркы беш жыл аралыгында соттук реформа маанилүү багыттардын бири болгону менен, бул тармакта чечилбеген көп маселелер бар. Изилдөөдө сот системин реформалоо боюнча 15 сунуш, менимче, көп. Сотторду дайындоодогу критерийлерди аныктоо зарылдыгын баса белгилегим келет. Бүгүнкү күндө сотторду тандоо кеңеши боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Бул жерде айтылган сунуштар да каралат",- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: