super.kg logo

Ысык-Көлдө 15 миң бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартылып алынды

 

Ысык-Көл облусунда 1,2 миллион сомдук 15 552 бөтөлкө контрафакттык алкоголдук продукция тартылып алынды. Контрафакт 8 чарбалык субъектти камтыган салыктык рейддик көзөмөлдүн жүрүшүндө аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жеке ишкерден «Бишкек АлкоПром» ЖЧКсына таандык болгон идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген акциздик маркалары менен 2400 бөтөлкө, ошондой эле “Алсуу” ЖЧКсынын кампасынан 672 бөтөлкө алкоголь аныкталган. Салыкты толук көлөмдө төлөөдөн баш тартуу максатында 0,25 литрдик номиналдагы акциздик маркалар 0,5 литрдик сыйымдуулуктагы идиштерге чапталган.

Каракол шаарындагы “Спиртзавод” мамлекеттик ишканасынын аймагында жайгашкан «Кыргыз АлкоТрейд» ЖЧКсынын кампасынан да 12 480 бөтөлкө лицензияланбаган арак тартылып алынды.

Рейддин материалдары жана тартылып алынган продукция УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына КРнын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.12.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кочевникти карабайбы даже бир литрге 0.2 акциздик марка чапталып журот.
04.12.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир акциздик маркадан канча салык тушот болду экен бюджетке
04.12.2015. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир литрге 21-23 сом болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: