super.kg logo

Жылнаама, 5-декабрь: Мындан 2 жыл мурун Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кызматтан алынган

 

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кызматтан алынгандыгы тууралуу жарлыкка ошол учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Жаңы шаар башчысы шайлангыча мэрдин ордуна Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алимжан Байзаков убактылуу дайындалган. Өкмөт Мелис Мырзакматовдун кызматтан бошотулуусу Ош шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу экенин билдирген.

* Мындан 114 жыл мурун, 1901-жылы америкалык сүрөтчү, кинорежиссёр-мультипликатор Уолт Дисней туулган. Ал 1918-жылдын күз айларында өз ыктыяры менен аскер кызматын өтөөгө барат, бирок жашы жете электигине байланыштуу аны Кызыл Крест коомуна "Тез жардам" машинасынын айдоочусу кылып жөнөтүшөт. Ал жерде бир жыл иштейт. Диснейдин машинасы тез эле элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болот, себеби анын тышына күлкүлүү сүрөттөрдү тартып алган.
Согуш аяктаган соң Канзаска кайтып келип, жарнак агенттигинде сүрөтчү болуп иштейт. Арадан жылдар өтүп, Уолт эми өзүнүн шыгына жараша ылайыктуу жумуш издеп Голливудга жөнөйт. 1923-жылы 16-октябрда Уолт Дисней нью-йорктук дистрибьютор Маргарет Уинклер менен келишимге кол коёт. Мына так ушул датаны азыркы "WaIt Disney Соmpany" жаралган күн деп атаса болот.
Ал азыркы учурга чейин балдардын гана эмес, чоңдордун да сүймөнчүгүнө ээ болгон атактуу чычканды - Микки Маусту ойлоп табат. "Глупые симфонии" аттуу мультфильми үчүн 1932-жылы биринчи "Оскарды" жеңип алат. Ошентип, согуш мезгилине чейинки он жыл ичинде Уолттун мультфильмдери ар жыл сайын бирден "Оскар" менен сыйланып отуруп, 29 сыйлык алууга үлгүрөт.

* Мындан 63 жыл мурун, 1952-жылы Лондонду туман каптаганда тургундар көмүрдү көп жагышкан. Көмүрдүн сапаты начар болуп, абаны булгаган. Лондонду ис, түтүн каптап, 12 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кеткен, 100 миңден ашуун адам ооруп калган. Ис Лондонду төрт күн каптап турган.

* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы франциялык ырчы жана актриса Патрисия Каас туулган. Ал башкалардан дайыма гастролдоп жүргөнү менен айырмаланат. Анын аткарган ар бир ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап, сүймөнчүккө айланып келет.
Патрисия Каастын музыкалык стили - поп-музыканын жана жаздын аралашмасы. Алгачкы альбому «Мадмуазель поёт блюз» (фр. "Mademoiselle chante le blues") 1988-жылы чыгып, дүйнө жүзүндө анын чыгармалары жазылган видеолору 17 миллиондон ашык нускада сатылган. 2009-жылы «Евровидение» сынагында Франциянын атынан чыгып, 8-орунду алган.

5-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
04.12.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мелисти алып койгон-кун эн жаман кун болгон...
04.12.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
5-декабрь черный день, биз Ош шаарынын жашоочулары учун.Жашасын Мелис Мырзакматов,биз сизди акыры бир кун келип,Жанторого эти жок самсасын жедиртет деп кутобуз.
05.12.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мелис байке азыр кайда? Эмне жумуш менен алек болду экен?
05.12.2015. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жаман естединерго мелисти ал да бир политик болгонда . ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-07 17:13:59
07.12.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beket - эскертүү!
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
05.12.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы адам элдин эсинде жакшы бойдон калат эгер жакшы болбосо эч ким аны эстебейт да болчу
05.12.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мелис жалко
05.12.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Лондондо жаман болгон турбайбы э.
07.12.2015. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temirov76, Теманы Мелис десе, Мелисти окуп.. Зуулдап комент окуганы келдим эле.. Лондонду кийин окудум)) Ооба жаман болгон экен..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: