Алмазбек Атамбаев: “Мен Иса Өмүркуловго болушпайм”
11-мартта президент Алмазбек Атамбаев телеканалдардын бирине берген маегинде Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселесине кийлигишпей турганын айтты. “Ал кишинин тагдыры өзүнүн колунда, мен болушпайм. Жакшы иштесе иштей берет, жаман иштесе кетет. Мен деле мэрия жыргап кетти деп айта албайм. Мен айткам, Бишкекте жер басып алуу болгон, Иса Өмүркулов 2010-жылы ошого туруштук берген. Бишкекке өзү чогулткан салыктын үчтөн бирин берип жатабыз. Анан кантип Бишкекти бирөө кыйратсын? Албетте, мен көрүп турам, Өмүркуловдун ишин депутаттар деле анча жактырбай жатышат. Азыр кандай чечим кабыл алат, кетиришеби, мөөнөт беришеби, өздөрү билсин! Мен кийлигишпейм”,- деди өлкө башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

