super.kg logo

Бишкекте бүгүн доллар 76 сомдон сатылып жатат

 

2-декабрда Бишкектеги жеке акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 75 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 76 сомдон сатып жатышкан. Бүгүн, 7-декабрда да (саат 10:00гө карата) бул көрсөткүч өзгөрүүсүз калууда. 26-ноябрда саат 15:20га карата доллардын курсу 78 сомго чыккан.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып бул "Финанскредит банкынын" кызыкчылыгынан улам жаралганын айткан. "26-ноябрь күнү саат 14:00гө чейин Бишкекте 1 доллар 76 сомдон сатылып жаткан. Түштөн кийин эле "Финанскредит банкынын" Абдрахманов көчөсүндөгү бөлүмү курсту көрсөтүп турган жадыбалдагы доллардын курсун 76дан 78ге чыгарып салган. Аны акча алмаштыруучу жайлардын ээлери көрүп, алар да доллардын курсун көтөрүп жиберишкен. Банк текшерүүгө алынып, мыйзам бузуу катталганы аныкталды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө бүткөндөн кийин чара көрүлөт",- деген Нурбек Жеңиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.12.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Доллар менен соодалашбасын деп Сариев айтты го. Дагы эле кээ бир интернет дүкөндөрдө доллар менен бааланып турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: