super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош аймактык каттоо жана сынак бөлүмү мекеме имаратынын ичинде соода кылуу фактысы болбогондугун билдирүүдө

 

"Ош аймактык каттоо жана сынак бөлүмүнүн имаратынын ичинде соода кылуу фактысы болгон эмес". Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. “Ош аймактык автомототранспорт каражаттарын каттоо жана сынак бөлүмүнүн башчысы Акылбек Абжалов мындай факт болбогонун билдирди. Окурман жиберген сүрөт мындан бир нече жыл мурун тартылган болушу ыктымал. Ал учурда биздин мекеме имаратты ижарага алып иштетип келген жана анда ким кандай соода кылып жатканына кийлигишкенге акысы болгон эмес. Ушул жылы соттун чечими менен бул имарат мамлекеттин карамагына өтүп, ал жерде соода кылууга тыюу салынган.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын Мүлктү каттоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Айбек Сулайманов Ош шаарында 2015-жылдын 29-октябрынан 31-октябрына чейин кызматтык иш сапары менен Ош аймактык автомототранспорт каражаттарын каттоо жана сынак бөлүмүндө болуп, мындай фактынын болбогонун тастыктады”,- деп айтылат мекеменин маалыматында.

Эскерте кетсек, окурман 30-ноябрь күнү аталган бөлүмдүн имаратында жарандар стол коюп алып соода кылып жатышканын сүрөткө тартып, "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
07.12.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анда окурман бир нече жыл мурун тартып алып, сактап журуптур да, керек болуп калат деп... Андан коро уже тазалап койдук десенер...
07.12.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
RNA78, айтканыңызга кошулам
07.12.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калптарга коз жумуп эле келебиз. Калп экенин билсек дагы ошол калпка ынанып эле калдык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: