super.kg logo

“Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрүнө колдо жасалган жардыруучу түзүлмөлөрдүн курамчаларын алганга жана даярдаганга жардам берген жаран кармалды

 

УКМК “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 1969-жылы Нарын облусунда туулган жигердүү мүчөсү Б.Жуматаевди колго түшүрдү. УКМКнын маалымат кызматынан 7-декабрда билдиришкендей, Жуматаев мурда экстремисттик идеологияны таркаткандыгы үчүн 4 жылга жатак-абактарда жаза өтөө менен соттолгон.

Иликтөө иштеринде анын диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү болуп туруп өзүнүн кылмыштуулук ишмердигин улантканы жана террористтик топтордун мүчөлөрүнө колдо жасалган жардыруучу түзүлмөлөрдүн курамчаларын алганга жана даярдаганга көмөк көрсөткөнү аныкталды.

Б.Жуматаевдин жашаган жерине тинтүү жүргүзүүдө диний мазмундагы ар түрдүү басылмалар жана электрондук алып жүрүүчүлөр табылып, процессуалдык түрдө алынды. Алынган материалдар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы маалда Жуматаев шектелген адам катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
07.12.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы эми камалсын
07.12.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azim.00kg, адашып басып алыпмын туура айтасын Азим
07.12.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Хизбут тахрир аль ислами" кандай иш алып бараарын мен кыргызстандын жараны катары жана демоктариялык идеологияга таянып билгенимди айта кетейин. Эгер админ менин комментарийимди очуро турган болсо, анда Кыргызстан демократиялуу коз карандысыз деген статусуна каршы чыккан болот.
07.12.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хибут тахрир- бул саясий партия жана бул партия максаты ислам мамлекетин тикелоо жана адамзатын толук 24 саат ислам менен жашатуу. Ал кыйнап же автомат такап же жардырбайт жардырып аткандар башка жамааттар. Бул хизб адам баласын толук таза нукура исламга кайтарат жана курани карим жана пайгамбарыбыз корсотуп кеткен жол менен. . . Кээ бироолор айтат исламда саясат жок. Бул абдан жанылыштык Пайгамбарыбыздан кийин ислам мамлекети турган жана толук шарияттын негизинде саясаты жургон и экономикасы да
07.12.2015. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйнодо 3 идеалогия бар. Коммунизм, Капитализм жана Ислам. капитализдин оту куйуп ташы ойдо кулап турган чак азыркы убак жана ал ислам мамлекети курулуусуна аны менен бирге озунун саясатын озунун кызыкчылын жоготуудан коркуп хизбут тахрир партиясына болгон куч аракети менен бут тосот. жана карапайым калк аларга ишенет.
07.12.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капитализм кыргызстанды жок кылуу учун азыркы убакта коптогон жамаат секталарды киргизип жатат жана биздин чондор аларга уруксаат берип атат. Ушундай корунуш улана берсе анда Сириядагы жарандык согуш эштеке мес биз кыргыз эли аябай кандуу намыстуу келебиз. туура мес жамаат секталарды киргизе берсе бизде сириядан жаман согуш болуусу албетте турган иш
07.12.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге эч кандай демоктратиянын кереги жок биздин ата бабаларыбыз ислам менен жашаган. Комунизм биздин ислам менен жашаган тарыхыбызды орттоп жок кылган. Ойлонолу бир туугандар ойгонолу. мен демоктратиядан эмне пайда таптым деп озуно суроо берчи. деги эле биз демократияда жашап атабызбы деп озуно суроо берип ой жугуртчу бир тууганым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: