Бактыгүл Жээнбаева "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасынын башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалды
Бактыгүл Жээнбаева "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалды. Жээнбаева 3-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Улуттук банктын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулган. Анын кызматтан алынышы башка ишке которулганына байланыштуу болгону айтылган эле.
Аталган ишкана жарандарды 2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо программасын ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Бул боюнча өкмөттүн токтому 2015-жылдын 15-июлунда чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















