super.kg logo

Бишкек. Маршруттук таксиден 19 жаштагы кыздын 15 миң сомдук "Самсунг" телефонун уурдаган адам кармалды

 

Бишкек шаарындагы маршруттук таксиден уюлдук телефонду уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Чүй облусунун тургуну, 19 жаштагы кыз кайрылып, 4-декабрда "Дордой" базарында маршруттук таксинин ичинен белгисиз адам анын чөнтөгүнөн 15 миң сомдук "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдаганын билдирген. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 31 жаштагы О.Азамат кармалып, убактылуу кармоочу жайга отургузулган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан тышкары милицияга 23 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 3-декабрда белгисиз адамдар багаждан 15 миң сомго бааланган чоюн батареясын уурдашканын айткан. Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе 23 жаштагы Н.Саматты кармашты. Уурдалган батарея табылды. Бул факт боюнча тергөөлөр уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
07.12.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдорун кесип салыш керек.Экинчи уурдабайт.Азыр ал кармалган жайдан оной эле чыгып кетет.Бул белгилуу иш да.
07.12.2015. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бирок Ош базардан телефон жоготуп уурдап кетти эле милицияга кайрылсам базардагы алар мени Улица Киевскийдеги милиция канага жиберди.Ал опер эми ошо 9 миндик самсунг телефонду не кыласын контак файл баарын очурдуда деп койду.Мен эми карап корунчу ал деле мен учун кымбат десем макул деген.Бирок ошо созу эсимен кетпей кайра эмне болду деп барган жокмун.Ошондо эмне кылышым керек эле мен?Же туура эмес кайрылып алдымбы же алар 15 миндик телефондорду эле карайбы?
08.12.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayida,Сен тура эл кайрылгансын. АА Киевкий Бейшеналиева көчөсунөгу милициялар аябай паракорлор.Алар сенин 9000сомдук телефонундун иим кодуну алып калыштыбы. Эгер алып калышкан болсо ал телефонунду давно эле тапкан. Ошол урдаган балдар менен ортодо келишим барда. Бир аныктап элдик кабарга жонотойун азырынча маалымат топтоп журом.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: