"Ак-Жол" өткөрүү жайынан Орусиянын жараны жасалма паспорт менен колго түштү
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү жайынан Орусиянын жараны жасалма паспорт менен кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматынан 7-декабрда кабарлашты. Маалым болгондой, Орусиянын жараны 6-декабрь күнү мамлекеттик чек арадан өтүүдө колго түшкөн. Документтерди текшерүү учурунда 1966-жылы туулган Орусиянын жаранына тиешелүү паспорт жарым-жартылай жасалма экени аныкталган.
Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.