Көк-Таш айылында кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайрадан чыр чыкты
7-декабрда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылында кайрадан эки мамлекеттин жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, Көк-Таш айылындагы мектептин терезеси жана тажик жаранынын унаасы талкаланды. "Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, тажик жараны Көк-Таш айылынын мектебин таш менен уруп, андан кийин Тажикстан тарапка качып кеткен. Мындан соң кыргыз жарандары тажик жаранынын унаасын талкалап салышкан. Учурда абал турукташып, окуянын себептери такталып жатат",- деди Чек ара кызматынын өкүлү.
Айта кетсек, Баткен облусунун аталган айылында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда суу жана жол маселелери боюнча чыр чыгып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
-1

Анавы колундан келе турган кеп карындар не кылып отурушат откондо эле баары айылчылап чыгышты эле,биринида карааны корунбой калдыго
Бул нерсеге чекит коейлучу!!!
Баткендик форумчулар купуяга откулочу
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
soccer_boy95 - 5 күнгө БАН!
Улуттар аралык түшүнбөстүктү, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.