super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурордун күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго байланыштуу ишти 9-декабрда карайт

 

Бишкек шаардык соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго жана "Тазалык" ишканасынын бир катар кызматкерлерине козголгон кылмыш ишин 9-декабрда карайт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту быйыл 22-октябрда айыпталуучуларды шарттуу түрдө жазага тартуу чечимин чыгарган. Чечимге макул болбогон мамлекеттик айыптоочулар 29-октябрда Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жиберген.

16-ноябрда адвокаттардын биринин келбей калышынан бул иш боюнча шаардык соттогу биринчи отурум болбой, кийинки отурум 26-ноябрга белгиленген. Айыпталуучулардын бири М.Кутановдун сотко келбей калышынан улам экинчи отурум да өтпөй, 9-декабрга жылдырылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бакыт Абдыкапаровго УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү”, "алдамчылык" беренелери боюнча айып тагылган. Анын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн алдоо жолу менен 50 миң доллар алганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: