Бишкек. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол мелдешине 4 мамлекеттен 121 спортчу катышууда (фоторепортаж)















Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. 6-ирет өтүп жаткан мелдеш Улуттук китепканада орун алууда. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, мелдеште кыз-келиндер жана уландар жекеликте күч сынашмакчы. Жеңүүчүлөр залкар жазуучунун туулган күнүндө, 12-декабрда аныкталат.
Мелдешке Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынан жалпысынан 121 спортчу катышууда. Алардын 64ү уландар болсо, 57си кыздар. Жеңүүчүлөр швейцариялык систем боюнча аныкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.