super.kg logo

Бишкекте жазуучу, котормочу жана публицист Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

 

Бүгүн, 8-декабрда Улуттук китепканада белгилүү жазуучу-манасчы, киносценарист, акын, публицист, котормочу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган “Чебер сөз кереметине айланган өмүр” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Ага ЖКнын депутаты Садык Шер-Нияз, маданият министри Алтынбек Максүтов, Бексултан Жакиев жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышты. Иш-чара А.Жакыпбеков тууралуу даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды. Көргөзмөгө жазуучунун бардык китептери, котормолору, макалалары, публицистикалары, фотодокументтери сыяктуу материалдар коюлду.

Ашым Жакыпбековдун чыгармачылык жолу 1957-жылы башталган. Алгачкы китеби “Айгашка”, “Жаралуу көгүчкөн” деген ат менен 1961-жылы басылып чыккан. “Катаал багыт”, “Биз атасыз өскөнбүз”, “Кыргыз жеринин жомоктору”, “Айдагы жез кемпир” деген жыйнактары кыргыз адабиятынын алтын текчесинен орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.12.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашым Жакыпбековдун, "Манас" эпосунун кара сөз түрүндөгү варианты десек болот го, "Теңири Манас" деген аталыштагы романы да бар. Бул океандай эпосту окуп чыкканга убакыты, күчү, балким, эрки жетпей жүргөндөр үчүн сонун жардам болгон деп ойлойм...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: