Кыргыз паралимпиадачылары Венгрияда өткөн мелдеште 1 коло медаль багындырышты




Венгриянын Эгер шаарында өткөн пауэрлифтинг боюнча Европанын Ачык биринчилигинде кыргыз спортчулары 1 коло медаль тагынышты. Мелдеш паралимпиадалык оюн түрлөрү боюнча өттү. Бул тууралуу 7-декабрда Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Эсен Калиев 54 килограмм салмакта өз күчүн сынап, 150 килограмм келген оордукту көтөрүү менен коло медаль тагынды. Дагы бир кыргыз спортчусу Жыргал Орозбаев 107 килограмм салмакта өз күчүн сынап, 190 килограмм келген оордукту көтөрдү. Бул көрсөткүч менен ал байге алган жок, бирок өлкөнүн жаңы рекордун койду.
Кошумчалай кетсек, мелдешке 44 мамлекеттен келген 230дан ашык спортчу катышкан. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар 19 комплект медаль үчүн жарышка түшүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nelya88

08.12.2015. 13:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишиниздер кут болсун!Кандай чон жетишкендик! Алты саны аман туруп кочо тепсеп жургондор канча?..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.