super.kg logo

Нурбек Дүйшөналиев: "Билимдүү жаштардын аскерге кызмат өтөөгө келиши менен жоокерлердин деңгээли жогорулайт"

 

Бүгүн, 8-декабрда “Кыргыз армиясындагы реформанын бүгүнкү күндөгү жүрүшү” аттуу тегерек стол өтүүдө. Анда аскерде келишимдик негизде кызмат өтөгөндөрдүн маселелери, ЖОЖдордо аскер кафедраларын жоюу, аскердеги баш аламандык, жоокерлердин коопсуздугу талкууланып жатат.

Маалым болгондой, 2015-жылы күч түзүмдөрүнө карата 7 кылмыш иши козголгон. 2010-жылдан баштап жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө аскердеги мыйзамсыз иштер, "дедовщиналардын" динамикасы 70 пайызга азайганы аныкталган.

КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Нурбек Дүйшөналиев аскерде кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатуу боюнча өз оюн айтты. “Бүгүнкү күндө жоокерлер сынак аркылуу тандалып жатат. Муну менен биз армиянын деңгээлин көтөрүүнү максат кылдык. Быйыл биринчи жолу кызмат өтөө үчүн жогорку билимдүү жигиттер келишти. Билимдүү жаштардын келиши менен жоокерлердин деңгээли жогорулайт. ЖОЖду бүткөндөр кызмат өтөп, офицердик наамды алганга аракет кылышса жакшы болмок”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
08.12.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дедовщина толук кандуу жоюлган жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: