super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Өлкөдө кол тийгис чиновниктер жок экенине эл ишене баштады"

 

Президент Алмазбек Атамбаев Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады. Өз сөзүндө мамлекет башчы буларды айтты:

"Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү!

Туптуура 10 жыл мурда мамлекетибиз Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы күрөш боюнча Конвенциясын ратификациялоо менен бул жаатта милдеттерди өзүнө алган. Жыл өткөн сайын Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү өлкөбүздүн жарандары үчүн өзгөчө мааниге ээ болууда. Буга биздин республикабыз жетишкен натыйжалар да түрткү болуп жатат.

2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин биз демократиялуу жана гүлдөп-өнүккөн Кыргыз Республикасын куруу жолундагы негизги тоскоолдук болгон коррупцияга каршы катуу жана келишкис күрөш баштадык. Бийлик органдарындагы саясий жана системдүү коррупцияны жоюу боюнча кардиналдуу чечимдер кабыл алынып, алар ушул күндө оң натыйжаларды бере баштады. Кыргыз өлкөсү коррупцияны кабылдоо боюнча эл аралык индекстеги өзүнүн позициясын ишенимдүү түрдө жакшыртууда.

Кыргыз мамлекетинин жарандары бул күрөш акыйкаттуулукту коргоого багытталганына, өлкөдө кол тийгис чиновниктер жок экенине жана мындан ары да ээлеген кызматына жана коом алдында мурда сиңирген эмгегине карабастан, андайлар болбой турганына улам барган сайын көбүрөөк ынана баштады.

Биз бул иштин башатында гана турабыз. Коррупцияга каршы күрөшкө бүт коомчулукту тартып, мамлекеттик аппараттын, саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын күчтөрүн бириктиришибиз зарыл.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекетибиз гүлдөп-өнүккөн, демократиялуу, коорупциядан арылган өлкө болуп каларына ишенем. Бул терс көрүнүштү жоюуга багытталган биздин бекем эркибиз жана күн сайын өсүп бара жаткан республика жарандарынын колдоосу мунун кепили болуп эсептелет.

Баарыңыздарга тынччылык, ийгиликтерди жана бакубатчылык каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: