super.kg logo
  Спорт  

Мушкер Тайсон Фьюри украиналык Владимир Кличкодон тартып алган чемпиондук наамдарынын биринен ажыратылды

 

Бокс боюнча супер оор салмактагы (91 килограммдан жогорку салмак) чемпион, британиялык Тайсон Фьюри Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) чемпиондук наамынан ажыратылды. Буга мушкердин Владимир Кличко менен экинчи беттешти өткөрүүгө макулдук бергени себеп болгон. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Фьюри кезектеги беттешин украиналык Вячеслав Глазков менен өткөрүүгө тийиш болчу. Ал бул беттештен баш тартып, Кличкого макулдугун берген. Беттеш 2016-жылы өтөрү күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, Т.Фьюри 29-ноябрда 12-раунддук беттештин жыйынтыгында Владимир Кличкону утуп алган (3 калыстын берген эсептери: 115-112, 115-112, 116-111). Бул беттештен кийин WBA Super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондук наамдар Тайсон Фьюринин карамагына өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
09.12.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Владимир Кличкого каршы тактиканы жакшы өздөштүрүптүр Фьюри. Чемпиондук наамды көпкө кармай албайт, андан көрө сенсация жасады, эми өткөрүп бере салыш керек. Кармап туруш кыйын.
09.12.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тайсон фьюри кайсы мамлекеттен Америка же Англия. Тушунбой калдык
09.12.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Британиялык деп жазып койгонго
09.12.2015. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Виталий кличко болгондо женилмек эмес Владимир иниси шамдагайлык уру согу ыкмаларды жакшы оздоштуро албайт анан бат чарчайт тренери начардан да болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: