Асылбек Жээнбеков: "Жыйынга катышпай жаткан депутаттардын айлыктарынын ондон бир бөлүгү кыскартылат"
"Жыйынга катышпай жаткан депутаттардын айлыктарынын ондон бир бөлүгү кыскартылат",- деп айтты төрага Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин 9-декабрдагы жыйынында. Бүгүнкү жыйынга жалпы 120 депутаттын 30га жакыны гана катышып жаткан. "Бир бол", "Республика-Ата Журт" фракцияларынын депутаттарынын бири да жыйында жок болсо, калган төрт фракциядан 6-7ден гана депутат катышып жаткан. Күн тартибине 12 маселе киргизилсе, депутаттар анын баарын саат 13:05ке чейин карап бүтүп, залдан чыгып кетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















