super.kg logo

Ноокаттын тургундары эшек баккан кытайлык ишкана бүгүн жабылбаса, сарайдагы эшектерди таратып жиберишерин айтышууда

 

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургундары эшектерди баккан кытайлык ишкана бүгүн, 10-декабрдан тартып ишмердүүлүгүн токтотпосо, сарайда багылып жаткан эшектерди таратып жиберишерин айтышууда. Муну SUPER.KG порталына аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Нияз Козуев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча эки жолу жалпы элдик жыйын болуп өттү. Ага жергиликтүү тургундар, тиешелүү кызмат адамдары жана эшектерди багып жаткан кытайлык "Во Ви Щы" ишканасынын өкүлдөрү катышкан.

"Алардын жүргүзүп жаткан иштери элибиздин менталитетине, салтына туура келбегендигин эске алып, жыйында ишканага Көк-Жар айыл аймагынан жаныбарларды 10-декабрга чейинки мөөнөттө алып чыгып кетүү талабы коюлган. Бүгүн ушул маселе боюнча дагы эл чогулганы жатат. Ал жерде 400дөн ашуун эшек бар. "Алар союлуп, эти элге таратылды" деген далил жок болсо да, мунун алдын алуу максатында эл ушул кадамга барып жатат. Талап аткарылбаса, эшектер элге таратылат, багылып жаткан сарайдан чыгарылат",- деди айыл өкмөт башчысы.

Эшек этин экспорттоо менен алектенген кытайлык "Во Ви Щы" ишканасынын директору Ма Цзынь И маалымат жыйын өткөрүп: "Биз мыйзам чегинде иштеп жатканбыз. Жалган маалымат тарап, учурда ишибизди убактылуу токтотууга туура келди",- деди.

Анын айтымында ишкана Кыргыз Республикасында иш алып баруу үчүн Юстиция министрлигинен атайын каттоодон өтүп, уруксат кагаздарын алган. "Эшектерди Кытайга жөнөтүү үчүн чогултуп жатканбыз, баары мыйзам чегинде гана болууда. Биз бул жерде өзүбүздүн гана кызыкчылыгыбызды ойлобостон, жергиликтүү тургундарды жумуш орду менен камсыз кылуу үчүн күнөсканаларды да куруп жатабыз. Албетте, жарандар тутунган динди сыйлайбыз. Жылкылардын, эшектердин терилерин, койдун, уйдун этин жана тирүү эшектерди экспорттоого кыргыз өлкөсүндөгү тийиштүү органдардан жана Кытайдын өкмөтүнөн импорт боюнча лицензия алганбыз",- деди Ма Цзынь И. Ишкер белгилегендей, эшек эттери Кытайда чүйгүн тамак болуп саналат жана ага жараша баасы да кымбат турат.

Ишкананын кыргыз жериндеги өкүлү Нуржан Канхожоев болсо гезиттердин бирине "кытайлык ишкананы мамлекеттик ишмер, саясатчылар калкалашат..." деп жарыяланган маалымат чындыкка жатпай турганын айтты.
"Компания Кытайдагы Ганьсу провинциясынын башкармалыгынын колдоосу менен иштеп жаткан. Продукцияны ташууга кыргыз өкмөтү көмөктөшмөк. Фирманын айланасындагы чыр-чатак экономикалык жактан кызматташууга терс таасирин тийгизери бышык. Бул кыргыз жериндеги инвестициялык климатка дагы кедергисин тийгизет. Ошол эле учурда биз Кыргыз Республикасы менен Кытайдын кызматташтыгы дагы бекемделет деген ишеничтебиз. Импорт жана экспорттун көлөмү жогорулап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүүсүнө жакшы салым кошобуз деген ниеттебиз. Учурдагы кырдаал боюнча Кытайдын айыл чарба тармагындагы мамлекеттик ишмерлери атайын иш сапары менен кыргыз жерине келгени жатышат",- дейт Н.Канхожоев.


Жыл башында эшек эттери Бишкектеги кафелерге таратылып жаткандыгы боюнча да маалымат тараган эле. Анда дагы ишкерлер Кытайга жөнөтүү үчүн эшектерди союп жаткандыгын айтып чыгышкан. Өлкө аймагында быйыл терилери сыйрылган эшектер табылгандыгы тууралуу көп айтылды. Аксы районунда болсо терилерин сатуу максатында эшектерди уурдап сойгон адамдар кармалган. "Во Ви Щы" ишканасынын жетекчилиги өздөрү баккан эшектердин терилерин гана Кытайга жөнөтүшөрүн, жергиликтүү тургундардан сатып алышпагандыгын айтып чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
10.12.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Токтобой койдуго эшек окуясы.
10.12.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ушул эшек чыры же Кыргызды туготот же Кыргыз эшекти туготот окшойт. Биздин менталитеттке жана динибизге туура келбеген нерсеге эмнеге мамлекеттен уруксат берилет акча деп эле бул кытайлык иш канага уруксат беребериш керекпии уят намыс кайда кетти
10.12.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кытайлар кыргыз элин куурчак кылып ойноп алдыго бир жолу.бизге кытайлар керек эмес ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-10 16:02:16
10.12.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tynystan, бул созду мен жактайм
кытайлардын кандай калык екени мага абдан белгилуу
10.12.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynystan, башкалардын улутун жана башка нерселерин кемсинтүүгө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
10.12.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ноокаттыктар эшекти суроосуз тараткыла Эшектин дагы убалы бар Кудай пайдасыз жаныбар жараткан эмес
10.12.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эшек модасы кетпей койду го биздин жерден! !Эшекти эшектер бизнецке да айландырышты!!
10.12.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол уруксат бергендердин башыга ....... Уят ар намыс деген жок. Акча дегенде атасын да сатышат.
10.12.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноокат эли кызык экенго эмнеге Ноокаттан алып чыгып кеткиле деп айтат?Бакпасын Кыргызстанда деш керек.Ноокаттан алып чыгып башка жака деле бага беришет уяты жоктор.Андан коро такыр за жерге бактырбаш керек.Буга да болсо бир чондун жардамы барда БИЗНЕС
10.12.2015. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayida, макаланы жакшылап конул коюп окусан!!!
10.12.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экономикалык кызматташуунун башка туру куруп калыппы,ушинтип кызматташканча кызматташпай эле койсо болмок,кыргызды кошуна мамлекеттерге уят кылбай.
10.12.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу эшек эти менен алектенгендер баары эшек да
10.12.2015. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшек этин Бишкектеги кытай кафелеринде тамак жасашат. Муну мен эт тапшырган кишинин оз оозунан уккам.
10.12.2015. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болгондо да ошол кафеге уй булобуз менен тамактанууга чакырып, ошол жерден айткан. Аны уккандан кийин бир даам татпай кайра келгем.
11.12.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшектин терисинен дары жасайт экен жакында бир кытайдан уктум чынбы жалганбы билбейм
11.12.2015. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайлар экспортоп олтурабы тем боле таможный союз болуп турганда булар документальный кылышкан туура бирок булар кайра эле кыргыз элине сатып жатат 2000ге эшек алса 70.80кг эт чыксын аны кыргыз байкуш 1кграммын 320сомдон алышат 30минге жакын акча табышат булар 1эшектен
11.12.2015. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теериси кытайга этин шашлык кылышатта булар,тажаттыго бутун дунуйого таанымал кылып и так атагы чыккан кызгыздарды.Качан биз кыргыздар жакшы жактарыбыз менен таанылабыз дуйного
11.12.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чүйгүн тамак дечи))) Албетте, курт-кумурсканын жанында алар үчүн чүйгүн болсо керек да... Биз 6 миллион элибизди эт менен толук камсыздай албай, Кытайдан (ким билет, ушул этти кайра полуфабрикат түрүндө бизге алып келип жатышабы, анткени пельмендин, гамбургердин ("Бегемот") эти Кытайдан келет деп уккам), Индиядан буйволдун этин алып келишчү эле. Анан бул Кытай миллиард элин кантип эт менен камсыздап жатканын түшүнбөйм... Балким, ошол эт тартыштыгынан биздин эшектерге көз артып жатышкандыр )))
Мэри түзөттү 2015-12-11 12:50:32
11.12.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок айыл элинин, айыл өкмөтүнүн ишин колдойм.Кандайдыр бир реакция, чечкиндүү иш-аракет керек болчу, тиешелүү жактардан. Эшектердин союлуп, терилери сыйрылып ар кай жерде жатканы, ж.б. окуялар ушундай абалга жеткирмек... Негизи, жаман үйдү коногу бийлейт болуп кетпеш керек, кимиси болсо да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: