super.kg logo
  Спорт  

“Шериктештик Кубогу-2016” мелдешине катышуучу жаш футболчулардан түзүлгөн курам даярдыкты Бишкекте көрөт

 

КМШ өлкөлөрүнүн жаштар курамаларынын катышуусунда 24 жылдан бери өтүп келген "Шериктештик Кубогу" 2016-жылы да уюштурулат. Бул жолу мелдеш 8 жаштар курамасынын катышуусунда (Орусия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Эстония жана Литва) 16-27-январь аралыгында өтөт.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, Кыргыз Республикасынын жаштар курамасы 17-29-декабрь аралыгында Бишкекте машыгуу сборунан өтөт. Курамдын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов машыгуу сборуна катышуу үчүн кеңейтилген курамды бекитти. Курамга 25 футболчу кирди.

Курам төмөнкүчө:

Дарбазачылар: Андрей Шикин ("Наше пиво" клубу), Илим Оморов ("Алга"), Кутман Кадырбеков ("Ала-Тоо"), Дастан Алыбеков ("Кейжи Юнайтед").

Коргоочулар: Мустафа Юсупов ("Ала-Тоо"), Аскарбек Салиев ("Алга"), Кудайберген Эшимов ("Абдыш-Ата"), Тамирлан Козубаев (клубу жок), Данил Сокирченко ("Наше пиво"), Акрамжон Умаров ("Абдыш-Ата"), Сулейман Самарбек уулу ("Алга"), Санжар Шаршеев ("Ала-Тоо"), Роман Левченко ("Ала-Тоо").

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата"), Бектур Талгат уулу ("Абдыш-Ата"), Султан Момунов ("Наше пиво"), Фархат Мусабеков ("Абдыш-Ата"), Ахлетдин Исраилов ("Динамо-2", Украина), Бекжан Сагынбаев ("Ала-Тоо"), Манас Карипов ("Абдыш-Ата"), Динмухамед Таалайбеков ("Дордой"), Мирбек Ахматалиев ("Алга").

Чабуулчулар: Абай Боколеев ("Миласспор", Түркия), Давлятжан Баратов ("Абдыш-Ата"), Эльхан Темирбаев ("Дордой").






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.12.2015. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nege Oshtuktardan tochnee Alaidan albaisynar?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: