super.kg logo
  Саясат  

Жыргалбек Саматовго депутаттык мандат берилди

 

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-декабрда "Республика - Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматовго депутаттык мандат берди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Саматов өзү билдирди. Ал эми БШКнын башка чечими менен депутат Болотбек Ибраимжановдун ыйгарым укуктары токтотулду. Саматов кайсы күнү ант бере турганы Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизиле элек.

Эскерте кетсек, "Орусиянын жарандыгын алган" деген жүйө менен Саматовду БШК 27-октябрда талапкерлердин тизмесинен чыгарган. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. Андан бери аталган талапкерге мандат берилбей келген. Саматов сот чечимин БШК аткарбай жатканын айтып, Башкы прокуратурага кайрыларын жакында билдирген эле.

Саматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында да "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: