super.kg logo

Гүлчөдө асынып алган аскердин апасы: «Баламдын банк картасын алган эмесмин»

 

«Мен баламдын банк картасын алган эмесмин. Менин эч кандай насыя боюнча карыздарым жок болчу»,- деп SUPER.KG порталына Гүлчөдө асынган абалда табылган аскердин апасы билдирди.
Анын айтымында, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы «аскер апасынын карыздарынын айынан өз өмүрүнө кол салган» деп жалган маалымат таратууда. «Райондук аскер комиссариаты өзүн сүттөн ак кылыш үчүн жетекчилигине ушундай жалган маалыматты жеткирген. Чындыгында, мен баламдын акчасына муктаж эмес элем. Өзүм иштейм, үйдө малыбыз бар. Эки баламды багып жатам. Күйөөм каза болгон, анын пенсиясын да алабыз",- деди апасы.

"Кызматтагы чоңдор балама психологиялык басым көрсөтүп, басмырлап, акчасын алып коюшчу экен. Эркек бала болгону үчүн мага мунун баарын айткан эмес. Жоокер болом деп өз ыктыяры менен аскердик кызматка барган. Үч жылдык келишим түзгөнбүз. Чыдап иштеп жүргөн. Бир рациянын антеннасын бузуп алып, андан кутула албай, чоңдорунан коркуп, асынып алган экен»
,- деди маркумдун апасы.
Мындан тышкары ал жалган маалыматты тараткан адамга карата арыз жазарын баса белгиледи.

Эске салсак, 1-декабрда Гүлчө айылында 24 жаштагы аскер кызматкери асынган абалда табылган. Алай райондук аскер комиссариаты аны 2014-жылдын жазгы чакырылышында кабыл алган. Ал аскер кызматын келишимдик негизде өтөп жүрчү. Бүгүнкү күндө Ош прокуратурасы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Бакыт Жапаров: "Гүлчөдө асынган абалда табылган аскердин өлүмү үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу болгон. Маркумдун апасы анын акча которула турган банк картасын өзүнө алып алган жана акчасын да өзү алып турган”,- деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
10.12.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Армиядан эле кыйнап койуштугоо
10.12.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ай ким билет, ким билет....
Арада бир байкуш бала ажал тапты, кимдир бироо туртту да аны шум ажалга
10.12.2015. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иши кылса алдамай
10.12.2015. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эми апасы куйоосу жана чон баласы жок кантип эки уулун жалгыз багат экен. Ии бечара
10.12.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апасы жалган айтпайтко менимче
11.12.2015. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баарынан энеге кыйын болуптур бир жагынан баласынан айрылып жатса ал аз келгенсип жалган жалаа жабыштырып энесин куноолосо бул эмне деген акмакчылык энени куноолодунбу кудайды куноологон м.н барабар армия берет тарбия деп эле дедовщина кылып коптогон азамат жигиттер олуп кетишти булардын да убалы бар ата-эне дедовщина коруп келсин деп жибербейт ата-мекенди коргоп келсин деп жиберишет ошондуктан бироонун баласын кордогонго акынар жок колун м.н кылдынбы моюн м.н жооп бересинер
11.12.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Офицер деген намыс давноо жок болуп кеткен биздин армияда.Солдат болуп жургондо 420 сом ар ай сайын мамлекет берет эле.Ошонун 300 сомун командир алчу.ЭМИ эсептесек 40 бала барле.12000 левый+ озунун зп.13000+ 4000 дей пенсия да алат.Анча мынча жоош контрракниктерден айлыгынан 1000-2000 ден алатле.Повод издеп эле.Жоош бала окшойт бул маркум балада.Чунчутуп койгон коркутуп.Семьяна карап иш кылат армияда.Гнилой Крокодил офицерлер толтура.Журналисттер эле чукулабаса башкадан умут узупле коюш керек.
chyngyz-KG түзөттү 11.12.2015 02:10
11.12.2015. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эхх чиркин омур ай,аттинанат
11.12.2015. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
кээ биринер коргондой,билгендей суйлобогулочу.Жаткан жери жайлуу болсун.
12.12.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
amanatym, коруп билген учун жазып жатышат. Ар бир уй булодон жок дегенде бирден- экиден бала армияга барат.
11.12.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
армияны кызмат кылгандар билет, кыргыз армиясы бардак ошол бала асынып олгон болуктун жетекчилери куноолуу
13.12.2015. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акем абдан жоош болгон жана конулчоок эле. Кызматта жургондо баары жакшы деп эч нерсесин айтпайт эле... Аны мындай абалга салгандар созсуз жооп беришет!!! Созсуз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: