super.kg logo
  Саясат  

Илимди уюштуруу тутумун реформалоо концепциясы иштелип чыкты

 

Илимди уюштуруу тутумун реформалоо концепциясы иштелип чыкканын өкмөт башчы Темир Сариев 10-декабрда өкмөт жыйынында билдирди.

"Аталган концепциянын алкагында премьер-министрге караштуу Илим боюнча кеңешти жана Илимдер фондун түзүү тууралуу өкмөттүн токтому кабыл алынган. Бул – мезгил талабы. Учурда аталган кеңеш кадрдык жана каржылык маселелерди чечүү үстүндө иш алып барууда. Кеңештин алгачкы жыйыны үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында өткөрүлгөн",- деди премьер-министр.

Темир Сариев белгилегендей, өкмөт тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар илимди өнүктүрүүгө каражаттардын түшүүсүнүн башка булактарын түзүү үчүн механизмди киргизүүгө мүмкүндүк берет.

"Биз мамлекеттин жана илимий мекемелердин өз ара мамилесин принципиалдуу түрдө өзгөртүүбүз керек. Тактап айтканда, окумуштуулар өз алдына так милдеттерди коюу менен мамлекетке натыйжасын берүүчү ишти аркалоосу керек. Башкача айтканда, илимдин ийгилиги, келечеги анын өлкөдөгү инновациялык өсүүнү камсыздай алуусунан түздөн-түз көз каранды. Илимий ишмерлерден келип түшүүчү сунуштардын баары тыкыр каралат",- деди өкмөт башчы.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаментинин директору Абдиманап Муратов маалымдагандай, кеңештин негизги милдети өкмөткө мамлекеттик илимий-техникалык саясат маселеси боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Жыйынтыгында Темир Сариев бир жумалык мөөнөттө “Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу тутумун реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча кадамдык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” өкмөттүк буйруктун кабыл алынышын камсыздоону тапшырды. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте кадамдык планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылуусун камсыздоосу тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: