super.kg logo

Базар-Коргондо үч уйду уурдап келип 60 миң сомго сатып жиберген эки жаранга кылмыш иши козголуп, бири камакка алынды

 

Базар-Коргондо үч уйду уурдап келип 60 миң сомго сатып жиберген эки жаранга кылмыш иши козголду. ИИМдин 10-декабрда берген маалыматына таянсак, Базар-Коргон районунун Абдураимов айылынын 1971-жылы туулган Ж.К. аттуу жашоочусу 1996-жылы Базар-Коргон райондук соту тарабынан мурда соттолгон Медет аттуу шериги менен алдын ала мал уурдап сатып, жеңил пайда табуу жөнүндө макулдашып алган. 2015-жылдын 16-ноябрь күнү Медет Базар-Коргон районунун Үч-Булак айылына караштуу Доңуз-Өрөөн жайытынан ошол эле айылдын тургуну А.Болоттун үч баш малын жана
Б.Капардын бир баш малын уурдаган.

17-ноябрь күнү Ж.К. шериги менен уурдалып келген үч баш малды Хундай-Портер үлгүсүндөгү автоунаасына жүктөп, Ноокен районунун Ак-Бата айылындагы мал базарга алып барышкан. Ал жерден Базар-Коргон районунун А.Талант аттуу тургунуна үч баш малды жалпысынан 60 миң сомго сатып жиберишкен.
Натыйжада жабырлануучу А.Болот 100 миң сомдук, дагы бир жабырлануучу Б.Капар 60 миң сомдук олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян тартышкан.

Аталган фактылар боюнча 30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. 6-декабрда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө аракеттеринин негизинде изин жашырып жүргөн Ж.К. кармалып, Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына шектүү адам катары кыска убакытка камалган. 8-декабрда ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин негизинде кылмыш иши боюнча айыбы угузулуп, Базар-Коргон райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө 4 баш мал алыньп, жабырлануучуларга кайтарылып берилди.

Учурда Ж.К. жана анын шериктери тарабынан жасалган башка мал уурулуктары аныктальп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
11.12.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Малды алып аткан адам өзу ойлонбойбу 60 миңге бир эле мал келетко булар неге үчөнү берип жатат деп.
11.12.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурулук менен жан багууну ойлогончо бешене тердетип кара жумуш болсо да иштешсе болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: