super.kg logo

Нарын шаарында диний билим берүү боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн тренинг өткөрүлдү

 

9-10-декабрда Нарын шаарында шаардык, облустук мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн диний билим берүү боюнча 2 күндүк семинар-тренингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага министрликтин адиси К.Сыдыкназарова, Мамлекеттик дин комиссиясынын эксперти, Ички иштер министрлигинин өкүлү, мектеп администрациялары, соцпедагогдор жана мектептердин мугалимдери, окуучулары катышышты. Анын жүрүшүндө катышуучулар терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдөгү ыкмалар, негизги дүйнөлүк диндер жана кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы диний агымдар тууралуу маалыматтар менен тааныша алышты.

Иш-чаранын башкы максаты - Кыргыз Республикасынын диний багыттагы мамлекеттик саясаты боюнча укуктук жана диний билим берүүнү жогорулатуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана диний багыттагы ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө. Буга чейин мындай тренингдер Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарында өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: