super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Карим Бензема Франция улуттук курамасынан четтетилди

 

Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема улуттук курама командадан четтетилди. Мындай чечим кечээ, 10-декабрда кабыл алынып, Франциянын Футбол федерациясы расмий маалымат таратты.

Маалым болгондой, буга Бенземанын командалашы Матье Вальбуэнаны интимдик видеолор үчүн шантаждаганы себеп болду. Эми кырдаал өзгөрбөй турган болсо, Бензема Францияда өтө турган "Евро-2016" мелдешине (Европа чемпиондугу) катышпайт.

Бензема Франция курамасынын курамында 81 ирет майданга чыгып, 25 гол киргизген. Акыркы кездерде анын мол тажрыйба топтоп, улуттук курамадагы лидерлердин бирине айланганы маалым.

Кошумчалай кетсек, Европа биринчилиги 2016-жылы 10-июндан 10-июлга чейинки аралыкта өтөт. Мелдешке төмөнкү 24 команда катышат: Франция (үй ээси), Англия, Чехия, Исландия, Австрия, Португалия, Түндүк Ирландия, Швейцария, Испания, Италия, Бельгия, Уэльс, Албания, Румыния, Германия, Польша, Орусия, Словакия, Хорватия, Түркия, Швеция, Венгрия, Ирландия, Украина.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
11.12.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргызстан жокко
11.12.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
shailoo2015, окусан. Европа биринчилиги деп турат. Кыргызстан европага киреби.
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-11 12:07:20
11.12.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
B.B.Sadykov,
Башка колдонуучуну кемсинтүүгө тыюу салынат!
11.12.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Франция футбол федерациясынын эн чон катасы. Дегеним Евро-2016 на носу. Команданын чемпиондук учун ат салышканга реально шансы бар.. Анан Германия, Испания, Италияга окшогон командалар менен 1/8, же 1/4 то кездешип калышса, Бенземанын жардамы чон тиймек. Жиру Бенземанын денгээлиндеги чабуулчу эмес. А Мартиаль менен Гризманга чон матчтарда опыт жетишпей калышы мумкун. А Бензема карышкыр болуп калган да, жада калса Карлес Пуйольду опкасынан салып, Реал 1-2 менен уттуруп жатканда эсепти 2-2 кылып к
12.12.2015. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
realliver, менимче эч кандай жоготуу болбойт, Жиру акыркы убакта аябай жакшы оюн көрсөтүп жатат. А Бензема туруктуу оюнчу эмес, даражасы да Реалдай клуб үчүн аздык кылат. Чабулчуу деген Суарес, Ибрагимович же Левандовскийдей болуш керек.
Кийин, Франция туура чечим чыгарды, кылган кир иши үчүн жооп берүүсү зарыл!
11.12.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
туура чечим кылган интимдик видео аркылуу өзүнүн досунан акча өндүрүштүн эмне кереги бар эле.
11.12.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларга емне жетпейт деймда
11.12.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туура кийинкилерге сабак болсун. 2016 эле бүтүп калбайт футбол. 2018-2020-2022 алдыдагы балдарга сабак болсун.
11.12.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кайра чечимин озгортсун Евро 2016 да ойносун ойнобосо курамда чон жоготуу болот
11.12.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бензема мусулман болгон учун бут тосуулар болтат!
12.12.2015. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazhiev80, курама команда да жалгыз Бензема эмес, Рибери да мусулман. Деги эле Франция курама командасында бир жакшынай ойноп келген мусулмандар бар эле жана Ислам динине өтүшкөндөр да бар, аларды Франция сүйөт. Абидаль, Анри, Тюрам, Бен Арфа, Анелька...
Отуруп алып "права качать" этпей, кругозоруңузду байытыңыз!
12.12.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эвро 2016 да Францияга Бензема керек эле.

Жиру ордун баса албайт, азыр.
23.12.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бензема мен жакшы коргон оюнчу болчу
Сборный Франция дегенде Бензема биринчи эске келет Бензема бар учун Францияны колдоочумун мен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: