super.kg logo

ИИМ: "Аймактык милиционер Актилек Абдубалиевди өлтүргөн адамдарды табууга күбөлөр жардам беришти"

 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын кызматкери Актилек Абдубалиевди өлтүргөн адамдарды табууга күбөлөр жардам беришти. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, милиционерди өлтүрүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы тергөө амалдарынын жүрүшүндө күбөлөр суракка алынган. "Алар аталган кылмышты жасаган адамдар тууралуу маалымат беришкен. Милиционерди өлтүрүү болгон күнү кылмышкерлер издөөдө болгону жана Бишкектин 8-кичи районунда ижарага алынган батирде жашашканы аныкталган. Алар "Жайшүл-Махди" кыймылынын мүчөлөрү болушкан. Бишкекте террорчуларга каршы жүргүзүлгөн операцияда УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери аталган кылмышкерлерди жок кылышкан. Учурда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө",- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган.

Ички иштер министрлиги Абдубалиевди өлтүргөндөр тууралуу маалыматка министрлик 1 миллион сом берүүнү убадалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
11.12.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы болуптур жок кылынганы. Жамшүт машүт кыймылындагылар дагы эле барбы же калгандары да көзөмөлдөбү ?

Миллионду ким алат эми ?
11.12.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ай ким билет ким билет болуп ататда. чынындале аткандар ошолор болсо табылганы жакшы, жок калп эле ошолор менен ишти жаап койуп, чыныгы кылмышкерлер майрамдап отурушпасале болгону. Эми бизди издешпейт деп коюшуп.
11.12.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чын эле болсо жакшы дечи...Бирок,отконку окуядан кийин ,бул дагы кезектеги "спектакль " деп ойлоп да койот экенсин киши.
EdikoKG түзөттү 11.12.2015 14:38
11.12.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жок балеени озубуз чакырбасак болду. Бизде эч кандай террордук топтор жок. Бул чынында ойдон чыгарылган нерсе.
11.12.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ишениш кыйын,неси болсодо эптеп ишти жабышты окшойт.
11.12.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
К.Маликовду сайып кеткен немелер, милициянын олумуно катыштыгы бар деп атышты эле го.Эми булар олтургон болуп калдыбы?
11.12.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясат деген сасык болот ага баш ооруткандын кажети деле жоок ептеп калкты тынчсыздандырып. Бармак басты коз кысты кылып койот
11.12.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бар миллионбу же алдоонун бир жолубу
11.12.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кубоолорго акча берилеби





11.12.2015. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктагы миллийон беришпейт.
12.12.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып кеткендер туркиядан кармалды деп жатышат эле го.же алар башка кылмышкерби.же бийликтегилер ушундай аферист болуп калышканбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: