Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт
Эртең, 12-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада ХХ кылымдын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу аталган китепканадан бүгүн, 11-декабрда билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмөгө улуу жазуучунун китептери, анын чыгармачылыгына арналган монографиялар жана макалалардын жыйнактары, анын чыгармачылыгы жана ишмердиги жөнүндө гезит-журналдардагы макалалар, фотографиялар коюлган.
Иш-чарага коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, кыргыз жергесинин илимий жана маданий ишмерлери, акындар, жазуучулар, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана окурмандар катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-07
14:27
2025-11-07
12:13
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















