8 кыргыз мушкери Орусияда өтө турган бокс боюнча Дүйнө Кубогуна катышат

8 кыргыз мушкери Орусияда өтө турган бокс боюнча Дүйнө Кубогуна катышат. Мелдеш 17-декабрда башталат. Бул тууралуу КРнын Бокс федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 8-ирет уюштурулуп жаткан мелдешке 20дан ашык мамлекеттин 120дан ашуун мушкерлери катышат. Бул мелдеште мамлекетибиздин намысын улуттук кураманын негизги мушкерлери коргошот.
Мелдешке төмөнкү мушкерлер катышат:
49 килограмм салмакта - Турат Осмонов, Рахманкул Аватов, 52 кг - Азат Усеналиев, 56 кг - Өмүрбек Малабеков, 60 кг - Медер Мамакеев, 64 кг - Эрмек Сакенов, 69 кг - Ильяс Муканбетов, 91 кг - Сергей Паренко.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Коомдук этиканы сактаңыз! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
Алтын алып келгиле
бералбайсыздарбы? Барып колдоп турайлы