super.kg logo

Жылнаама, 12-декабрь: Мындан 87 жыл мурун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган

 

* Мындан 87 жыл мурун, 1928-жылы кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана постсоветтик жазуучу, Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматов туулган.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовду Шекер эли айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлаган. Согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп эмгектенген. 1946-жылы 8-классты аяктагандан кийин Жамбылдагы Зооветеринардык техникумга окууга өтөт. Андан кийин Кыргыз айыл чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган. 2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучу Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилген. 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумган.

* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы акын, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов каза болгон.
Акын Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы туулган. Ал кичине кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт.
"Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көргөн. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылып чыккан.

* Мындан 104 жыл мурун, 1911-жылы Индиянын борбору Калькуттадан Делиге көчүрүлгөн. 1757-жылдан 1911-жылга чейин британиялык Индиянын борбору болуп Калькутта эсептелген. Ал эми Дели чоң шаарлардын катарына кирип, өлкөнүн саясий жана экономикалык абалына чоң таасирин тийгизген. 1900-жылдары Британия Индия колониясынын борборун Калькуттадан Делиге көчүрүүнү чечет. Британияга Индия менен башкарууга өлкөнүн чыгышында жайгашкан Калькуттага караганда Индиянын түндүгүндө жайгашкан Дели ыңгайлуу болгон. Индиянын борбору Калькуттадан Делиге көчүрүлгөндөн үч күндөн кийин Нью-Дели болуп өзгөргөн.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жездеси Чан Сонг Тхэкти мамлекеттик төңкөрүштү даярдоо жана коррупциялык иштери үчүн өлүм жазасына тарткан. Кытайлык журналисттер Чан Сонг Тхек менен анын санаалаштары атылбай эле, 120 ач итке талатылып өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Журналисттердин айтымында, чиновниктерди жылаңачтап, алар камалган жайга бир нече күн тамактанбаган иттерди коё беришкен. Алардын 1 сааттай иттерге таланып жатканын Ким Чен Ын баш болгон адамдар карап турушкан. Чан Сонг Тхектин өлүмүнөн көп өтпөй анын аялы Ким Гён Хинин өлүмү тууралуу маалымат тараган. Ким Гён Хи азыркы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын атасынын бир тууган карындашы болгон.

12-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.12.2015. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде да 120 ач иттер бар
12.12.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок биздики семиз.
12.12.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздики букада
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: