"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош шаардык социалдык фондунун башкармалыгынын кызматкерлери жарандарга аяр мамиле жасашарын жана жумушка убагында келишерин билдиришти






"Ош шаардык социалдык фондунун башкармалыгынын кызматкерлери жарандарга аяр мамиле жасаганга аракет кылышарын жана жумушка убагында келишерин билдиришти",- деп кабарлады Социалдык фонддун басма сөз кызматынан 11-декабрда SUPER.KG порталына.
“10-декабрь күнү башкармалыктын башчысы өзү жетекчи катары жумушка убагында келгенин жана бардык кызматкерлер жумуш убагында өз ордунда болушканын маалымдады. Ал эми кезек күткөндөрдүн көп болгонунун себеби: 9-декабрь күнү эртең мененки саат 10:00дөн 17:00гө чейин жогорку чыңалуудагы линиядан кыйроо катталганына байланыштуу Социалдык фонддун башкармалыгында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам 10-декабрда электр энергиясы берилгенден кийин кайрылган жарандардын саны өтө көп болду”,- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 10-декабрда окурман Ош шаардык социалдык фондунун кызматкерлери жумушка кечигип келишкени жана орой мамиле жасашары тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу маалымдаган эле.












1 |