super.kg logo
  Саясат  

"66 өлкө менен визасыз режим жокко чыгарылбайт" деди өкмөт башчы Сариев

 

"66 өлкө менен визасыз режим жокко чыгарылбайт". Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Каракол шаарындагы Кыргыз Республикасындагы туризм тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйында айтканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Премьер-министр акыркы учурда визасыз режим киргизилген өлкөлөр менен бул режимди жоюу тууралуу талкуулар болуп жатканын белгилеп, өкмөт бул режимди жойбой турганын билдирди.

"Кыргыз мамлекети туризм тармагын өнүктүрүү үчүн 66 өлкө менен визасыз режимди киргизген. Алардын баары өнүккөн өлкөлөр болуп саналат. Дүйнөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу аталган өлкөлөрдөн келген жарандарга укук коргоо органдары көзөмөлдү күчөтөт, бирок визасыз режим жоюлбайт",- деди Темир Сариев.

Сариев өлкөгө туристтерди тартуу үчүн шарттарды жакшыртып, электрондук визаны киргизүү каралып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: