Ош аэропортунан Орусияга башка бирөөнүн документтери менен учууга камынган жарандар кармалышты
Ош аэропортунан Орусияга башка бирөөнүн документтери менен учууга камынган жарандар кармалышканын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 11-декабрда Ош-Москва каттамы аркылуу Орусияга жөнөп жаткан 1993-жылы туулган А.С. аттуу жаран башка жаранга таандык паспорт менен кармалды. Ошол эле күнү Оштон Новосибирск шаарына жөнөп жаткан 2005-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран да башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кармалды. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Мыйзам толька карапайым элге иштейт а бай атка минерлерге иштебейт,дагы мыйзамдуулук деп адамды ажатканага бардыргысын келтирбечи.