Бүгүн өлкө аймагында кайрадан жер титирөө катталды
Бүгүн, 13-декабрда өлкө аймагында кайрадан жер силкинди. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, саат 05:02де очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Очогу Кетмен-Төбө айылынан 15 чакырым түштүк-батышта, Кара-Көл шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Токтогул районунун борборунан 35 чакырым түштүк-батышта, Жалал-Абад шаарынан 70 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү Кызыл-Уран, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга, Үч-Терек, Кетмен-Төбө, Көк-Бел, Жетиген, Чалдыбар айылдарында 2,5 баллга, Кара-Көл шаары менен Кара-Жыгач айылында 2 баллга сезилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Аллах эли жерибизге тынчтык берсин
А динде болсо элдин пейили бузулду , эмнелер гана болуп жатат ( союп кетти, зордуктап кетти, олтуруп алды, жеп койду, ичип койду.... )))