Жылдыз Жолдошовага 1 ай Жогорку Кеңештен микрофон бербөө сунушталууда
ЖКнын 13-марттагы жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева кесиптеши Жылдыз Жолдошованы туура эмес сүйлөгөнү үчүн жоопко тартуу керектигин айтты. "Жолдошова депутат Ирина Карамушкинаны "Кыргызстандан чыгып кетсин" дегенге кандай акысы бар?! Бул аял Жолдошовадан алда канча мурун кыргыз элине кызмат кылып, көп жакшы иштерди жасаган. Туура эмес сүйлөгөнү үчүн Жолдошовага бир ай ЖКнын жыйынынан микрофон бербей жазалаш керек",- деди Иманкожоева. Бул сунушка бир топ депутаттар да макул болушуп, Жолдошованы микрофондон ажыратуу маселесин добушка коюуну айтып чыгышты. Ал эми Жолдошова ММКларда айтылган маалыматтарды мисал келтирип, кесиптешинин Баатыр энелерге шек келтиргени үчүн Кыргызстандан чыгып кетсин деп айтканын билдирди. Көпчүлүк депутаттар бул айрым ММКлардын туура эмес берилген маалыматы экендигин баса белгилешти.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

