super.kg logo

Бишкекте "милиционерди өлтүргөн" деген шек менен изделип, ок атышууда жок кылынган 2 адамдын батирлеринен курал-жарактар табылды

 

10-декабрдан 11-декабрга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери менен ок атышуунун жыйынтыгында жок кылынган 2 адамдын батирлеринен курал-жарактар табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө өлтүрүлгөндөрдүн бири Иманкул уулу Турат Нарын шаарында 1981-жылы туулган, буга чейин эки жолу соттолгон. Экинчиси Аширов Келдибек Жолдошевич 1986-жылы Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган, буга чейин соттолгон. Экөө тең "Жайшүл-Махди" кыймылынын мүчөлөрү экени болжолдонууда. Алар 19-ноябрда Бишкекте аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди өлтүрүшкөнү аныкталды.

"Бул кылмышты иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышкерлердин Бишкектеги жашаган жерлери аныкталган: бири Арча-Бешик конушунда, экинчиси Көк-Жарда турган. Батирлеринен Калашников автоматы, ок-дарылар, уюлдук телефондор, сим-карталар, флешкалар, бет каптар табылып, экспертизаларга жөнөтүлдү. Учурда тергөө иш-чаралары уланууда",- деп маалымдашты мекемеден.

Эске салсак, 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда террордук уюмдун 2 мүчөсү жок кылынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.12.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле милиционер Актилек Абдубалиевди өлтүрүшкөнү аныкталдыбу же ИИМ издоодон чарча, кылмыш ишин аларга оодарып коюштубу? Албетте корбогондон кийин айтуу кыйын. Бир чети Кыргызстанды кан кечерлерден тазалаганыбыз он. Алар турмодон качырылгандар менен байланышы бар экен да ээ. Азыркы өлтүрүлгөндөрдү колго түшүрүү үчүн 50-абактагыларды атайы кычырганбы?
14.12.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Maripa, Антитеррордук операция жүргүзүп жатабыз деп ( абактан качкандар боюнча ) , атайын уюмдан чоң суммадагы акча алганбыз деп жүрөт башка интернет булактарында.
14.12.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Буларды тируу кармап,милиционерди олтургонун мойундарына койсо болмок.олгондон кийин аларды куноолобой.Алар олтургону кантип далилденди?Ким кепилдик бере алат?
14.12.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дуйнодогу чон мамлекеттер кармай албаган террористерди кыргызстандын милициясы бат эле кармап коюшат, шумдук.
14.12.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дайыма кошчу бир нерсени унутуп калышкан окшойт. Ал деген килейген уй куйуп бутсо дагы бутун табылган,турмодон качкандар да которуп жургон кара желек.
14.12.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттөгү эки рацияны , лопатканы , отверткаларды мага бергилечи. ? Страйкбол ойногондо кереги тиет эле.
14.12.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ишенбейм кайдан билиптир Актылек Абдубалиевти олтургонун аныктап такташбай туруп олтургон деп жалган жалаа жаап мамлекетибиз алсыз чондорго акча болсо болду, карапайым эл эптеп оздорунун жандарын багууда, бирин олтуруп кет се бирин зордуктап, бирин жардырып эмне деген жашоо болтат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: