Президент: "Кувейт ишкерлеринин кыргыз өлкөсүнө келишин күтөбүз"



Президент Алмазбек Атамбаев 13-декабрда Кувейттин премьер-министри шейх Жабер Мубарак аль-Хамад аль-Сабах менен жолугушту. Жолугушууда премьер-министр президент Алмазбек Атамбаевдин сапары ийгиликтүү өтөрүнө ишенерин билдирсе, мамлекет башчы кувейт тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык айтты. “Мамлекеттерибиз үчүн өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду чогуу ишке ашыра алабыз деп ишенем. Ошондой эле Кувейт ишкерлеринин кыргыз өлкөсүнө келишин күтөбүз”,- деди президент.
Тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгынын өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарында кызматташуу маселелерин талкуулашканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

