super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекети менен Кувейттин ортосунда 6 документке кол коюлду (тизме)

 

Кыргыз мамлекети менен Кувейттин кызматташтыгы алкагында 6 документке кол коюлду. Алар:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда кирешеге жана капиталга кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда экономикалык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлерин Кувейттин визалык талаптарынан бошотуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө макулдашуу;

- Эки тараптуу консультациялар боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Бул документтерге мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Кувейттин эмири шейх Сабах аль-Ахмад аль-Жабер аль-Сабахтын жолугушуусунан кийин кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: