super.kg logo

Террорист деп өлтүрүлгөн Канатбек Усубалиевдин атасы: "Экинчи баламды да өлтүрүштү. Балам агасын өлтүргөндөрдөн өч алмакчы болуп жүргөн"

 

10-декабрдан 11-декабрга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда террордук уюмдун 2 мүчөсү жок кылынган. Анын бири 16-июлда террорист деп Бишкекте атылып өлтүрүлгөндөрдүн бири 37 жаштагы Канатбек Усубалиев аттуу жарандын бир тууган иниси, 1981-жылы туулган Туратбек Усубалиев болуп чыкты. Учурда атасы Иманкул Итибаев баласынын сөөгүн көрүү үчүн УКМКнын алдында турат. Итибаев эки баласы тең террорист эмес экенин билдирип, буларды айтты:

"16-июлда улуу балам Канатбек Усубалиевди Тариэл Жумагуловго кошуп “террорист” деп атып жок кылды эле. Менин балам эч кандай террорист эмес болчу, милициянын босогосун аттаган да эмес, тентек балдар менен эле жүргөн. Өлтүрүп, сөөгүн да беришкен жок, сөөгүн каякка койгону дайынсыз. Эми 10-декабрь күнү кечинде 1981-жылы туулган Туратбек деген кичүү баламды Төкөлдөш районундагы мечиттен досу менен чыгып келе жатканда террорист деген шылтоо менен атып өлтүрүшүптүр. Ал террорист эмес болчу. Террорист болсо, Бишкектеги базарларды, чоң дүкөндөрдү жардырып салбайт беле? Анын болгон күнөөсү “агам ак жеринен кетти, колумдан жулдуруп жибергендей болдум, агам үчүн өч алам” деп болбой өчөшүп алгандыгында. Анан мен “Балам, сени УКМКнын тергөөчүлөрү издеп жатышыптыр. "Кичүү балаңызды издеп жатабыз" дешти, бир жакка барып, башыңды аман-эсен алып калсаңчы” десем, “Жок, мен эч кайда кетпейм. Агамды өлтүрүп жатышса, мен элдин бетин кантип карап, жашап жүрөм? Агамды ким өлтүрсө, алдынан чыгып, аларды жок кылып, анан өлөм” деп көгөрүп туруп алды.

9 жашар Барсбек деген неберем бар эле. Туратбек кайда барса, аны ошол жакка ээрчитип жүргөн экен. Неберемдин дайыны жок болуп жатат. Баламдын кийинки алган колуктусу бар эле, баламды өлтүрүшкөндөн кийин аны жашап жаткан жеринен барып кармашыптыр. Азыр ал убактылуу кармоочу жайда экен. 10-декабрь күнү баламдын биринчи келинчеги менен жаңыдан таанышып отурганбыз. Анан ал “жалгыз коркуп жатам, сиздердикине көчүп келейин, жүктөрүмдү алып келишип коюңуздар” дегенинен үйүнө келинчегим болуп баргандан кийин кеч болуп кетип түнөп калганбыз. 11-декабрь күнү саат 6:00 чамасында эшикти бирөө такылдатып калды. Эшикти ачсам, куралданган 20дай милиция үйгө кирип келип, балдардын жүрөгүн түшүрүп, үйдү тинтип, телефондорду алып кетишти. Андан кийин келинчегим экөөбүздү Рыскулов көчөсүндөгү үйүбүзгө алып келип, биздин үйдү да текшерип, чачышты. “Издегениңер эмне?” десем, “тапанча издейбиз, ок-дары издейбиз” дешип, аягында эч нерсе таппай, жубайым экөөбүздүн телефондорубузду, дарек жазган дептерлерди алып кетишти. Же аларды кайтарып беришпей, туугандарыма чала албай отурам.

Алар кеткенден кийин үйдө телевизор көрүп отурсак, саат 16:00 чамасында жаңылыктардан уулумдун өлгөнүн көрүп калдым. Мурунку күнү билгенде милицияны үйгө киргизмек эмесмин. Анан телефондорду алып кетип жаткан Токторбек деген тергөөчүнүн номурун алып калдым эле, ага чалдым. “Баламды эчак эле өлтүргөн турбайсыңарбы, келинчегин камап коюптурсуңар. Жанында бала бар эле, ал кайда?” деп сурасам, “аксакал, билбейм, башты оорутпа” деп өчүрүп койду. Эми минтип өлгөн бала менин баламбы же башкабы, сөөгүн көрөйүн деп келдим. Андан чыгып абакта отурган келиниме барып, неберем кайда экенин сурайын. Небереме бир нерсе болсо, баары жооп беришет.

Эми булар "аты аталгандар 19-ноябрда Бишкекте аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди өлтүрүшкөн" деген айыпты айтып жатышат",- деди Итибаев.






"Балам агасын өлтүргөндөрдөн өч алам дечү. Аны жөн эле террорист деп атып өлтүрүштү"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Жамалидин Парманкулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(37)
14.12.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ИИ байкуш ай эки ортодо ушулардын Ата энелери эле кыйналышты го!
14.12.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Куноосуз эле адамдарды кырып жатышатко без следствие,без суда,жогору жактагылар эмнени карап отурушат,бироо жарым жооп береби?ит аткандай эле атып жатышат,ушундай кантип болсун
14.12.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tursunbaev2004,мен сага жооп берем, жөн жүргөн адам менен УКМК иши жок, же сага келип бирдеме кылып жатабы? Атасы айтып атпайбы УКМК издеп жатат деп айттым деп. Атасы мойнуна алып жатпайбы. Жөнөкөй жаранды атып салса бизде чон пикет болот.
14.12.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bazarkyl,акылдуу болуп корунбочу козумо,мин кылмышкер болсо дагы тируу кармап,сурап териштириш керек,ит аткандай атып салбай,бул биздин чиновниктердин сасык саясаты
15.12.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
tursunbaev2004,көзүңдүн эмне көрүп жатканы мени кызыктырбайт. Териштирет аны түрмөгө камайт, ал бир жылы чыгат, анан бир жерди жардырат.
14.12.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул Укмк нын "списогунда" даагы канча адамдар бар экен. Убактылуу акча учун эмне гана кылыпшпайт. Жооп да берээр кун бар!
14.12.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эркек экен. Эки баласынан ажырап отурат. Абалына түшүнүү менен караш керек. Эмне кылат баарына кеч болуп калды. алдыда неберенди колуна алып, жакшы туура тарбияла.
14.12.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
УКМК издесе жон адамды издебейт, агамдан оч алам деди деп атасы деле айтып атыптыр. Террорист болсо базарды жардырбайт беле деп коет атасы. Созсуз жардырыш керек беле? Озубуздон чыккан орт ушундай болуп жатат. Тем более "оч "алуунун ушундай жолун издеп куч кыматкерлерине карай ок атып жаткан сон иш бутту дей бергиле.
14.12.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чыныгы мыкаачы террористтен да коркунучтуу бул кыргыз милициялары жондон жон еле бироонун баласын мечиттен чыккан жеринен атып салса аябай кыйын абалда калса керек атасы да анан реалдуулук жок болсо олкодо сенин укугуну бироо коргобосо оч алатда
14.12.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
MuslimNur95, жондон жон эле УКМК адамдарды ата бермек беле бир аз да болсо ойлонуп анан суйлосок.Мечиттен жон эле чыгып келатса деп тушунсон ошол балеенин баары мечиттен чыгып атат козомолдогон орган жок.Атасы моюндап атат го жаман балдар менен журчу оч алып олтургондорду олтуром дечу деп.
14.12.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kubat_73,кызыксынар, анда ага окшогон канчалаган черныйлар журот баарысын мыйзам чегинде чечпей не коргондоле атып салыш керекпи???? Мыйзам, Сот деген нерселер бар алар анда эмнеге керек???? Ошонун террорист экенин мойнуна коюптуруп далилдер менен анан жазалаш керекпи???? Жоок бул жерде башка нерсе бар...
15.12.2015. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Rustam25, туура айтасын,созуно кошулам,бул жерде башка нерсе бар...
14.12.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бийлик менен тиги укмк милициялар да бет деген жок экен тозоко куйушот го элдин баарын эле кырып жоготпой болушту
SUPER.KG видео
14.12.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир нерсе деш да кыйын.келиндерин тааныбаса,балдары аркайсы жерде жашап жүрсө не деген шумдук.
14.12.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кимге ишеенеримди да билбей калдым. Ар кимиси ар нерсени айтып жатышат. Боздогон атанын созуно ишенсекби же,террорист деп жаткан УКМКларга ишенсекби?! Айтор тушунбой деле калдым эмне болуп жатканын!
14.12.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чек арагада атканга укук берсе жакш
ы болмок
14.12.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тируу кармоо, камака алуу, сурак жургузуу, териштируу деген жокпу Бизде.
SUPER.KG видео
14.12.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ок граната таптык дешпеди беле?
14.12.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Небересинде не кунооооо Аллахтан коркушпайбы?Аллах кайтар дуйно деген бар неге билишпейт адамдар.Кимге жамандык кылсан оз башына же балдарына созсуз кайтат.Илгери кырк жылда келсе азыр кырк кундо эле келет .Ата апан олсода ыйлап каласын.Бала олсо кургур ата эне журогунон кан агат го.
14.12.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бизде кайдагы тероризм же бай мамлекет болбосок же атеист олко болбосок ,кичине эли аз экономикасы начар олкону не кылат терористер аларга америка,россия,эвропа керек да ,жок шылтоо менен эле криминалды тазалап атат окшойт мвд
14.12.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
makemake1979, кайдагы тероризм деп конул кош суйлоп койдунуз го,терорлор баардык мамлекттерде болот алардын закону башка приказ чыктыбы ошол жерди ошол аймакты жок кылыш булардын милдети ошондуктан баарына кайдыгер карап жата берсек биздин мамлекет 13-район болуп калышы ыктымал
14.12.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul kishinin da familiasy Itibaev eken Altynbek Itibaevge tieshesi barby oshondo?
15.12.2015. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык, чон баласы террорист деп атылыптыр кичинеси "оч алам" деп олуптур , а келини менен небересинде эмне куноо?! Аларды эмнеге кармаштыы! Тан каласын просто....
Медиа-портал
15.12.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
биздин мамлекет эмне болуп жатат,тынч жашай алабызбы деги.биздин мамлекет башчы канча адам олсо деле дайыны жок го,Бакиевдин заманы жаман болчу дешкен андан да отуп баратат го ит аткандай эле кырышып адам баласын.тынчтык болсо экен Кыргызстанда.
15.12.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиевдин заманы келди го((((((((((((((
15.12.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pantherka, Oa Akaev on tort jyl ishtep mynchalyk bolgon emes ele :(((
Медиа-портал
15.12.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон эле журсо баласын олтуруп салышмак беле.
15.12.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энесине кудайым сабыр берсин!
SUPER.KG видео
15.12.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туптуура эле айтып жатат атасы. Азыр биздин ички иштер оргондарына жакшы шылтоо болду, черныйларды тазалаганга олтуруп туруп террорист деп айып тагып. Батдиттер мн ушундай иш алып барып жатышат
SUPER.KG видео
15.12.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии бечара ата-энесине эле кыйын,эми небереси табылып калса экен.Кыргыздар эмне болуп баратабыз адамдар итке тенелип эле калдык го.......
SUPER.KG видео
15.12.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бандит экенда баласы саяк журсон таяк жейсин деген соз бар
SUPER.KG видео
15.12.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уулдардан жакшы тарбия бергенде мындай болмок эмес беле...
SUPER.KG видео
15.12.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбей туруп бир нерсе деш кыйын Бирок милициялар жалган жалаа тагып кое берет Чыныгы террористтер жегичтер кан ичкичтер ошол бийликтегилер кантип бийликке келгенин баарынар билесинер
Медиа-портал
16.12.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардыгынан да ата энелерге убал.Эмнеси болсо да алла таала баардыгын коруп турат таразалайт
Медиа-портал
17.12.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тируу кармап, сураштырып, соттогон куну деле ал бир куну чыгып кетет. Туура кылат, коомго коркунуч туудургандарды жок кылыш керек.
17.12.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оч алам деп жургон деп атасы озу айтып жататко. Демек силер ойлогондой "апакай" эмес экени корунуп турат.
Жон журбогон киши акыры бирди корот.
Медиа-портал
18.12.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
merez_jurok,
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз. Катачылыктар кайталанса бизге купуя кат менен кайрылсаңыз болот, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: