Жаңы түзүлчү энергетикалык холдингдин алдына ГЭСтерди куруу тапшырмасы коюлат
Бүгүн, 14-декабрда "Кыргыз Республикасынын гидрокурулушчулар ассоциациясы" биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууда вице-премьер-министр Олег Панкратов "ири жана технологиялык жактан татаал гидроэнергетикалык объекттерди курууда ата мекендик гидрокурулушчулардын тажрыйбасы бар" деп билдирди.
Вице-премьер республиканын энергетикалык тармагын башкаруу системи өзгөрүп жатканын белгиледи. "Учурда тармактык министрликтин ордуна энергетикалык холдинг түзүлүп жатат. Анын алдына жаңы ГЭСтерди куруу сыяктуу ири тапшырмалар коюлат. Өлкөнү 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясында 16 жаңы гидроэнергетикалык объект куруу маселеси каралган",- деп билдирди Панкратов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















