Кийик менен сүрөткө түшкөндөрдүн дагы бири Алтынбек Акимбаев "тоо текелерди атканыбыз чын" деди





Тоо текелерди атып, жансыз жаныбарлар менен сүрөткө түшкөндөрдүн бири Баткен облусундагы Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев SUPER.KG порталына комментарий берди:
“Сүрөттөр 2012-2013-жылдары тартылган, анда мыйзамдуу түрдө аңчылык кылганбыз. Ички иштер министрлиги берген уруксат кагазына ылайык, эки мылтыгым бар. Алардын бири менен аңчылыкка чыгып, эки-үч жыл мурун бир кийик аткам. Өзүм Аңчылык департаментине мүчөмүн”,- деп билдирди Акимбаев.
Эскерте кетсек, окурман бүгүн мамлекеттик органдын кызматкери тоо текелерди атып, жаратылышка зыян келтирип жатканын билдирген эле. Окурман "Чара көрүлөбү же чиновниктерге боло береби?" деп суроо койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Кийиктин этинен калындаган беттер да. Бир эле кийик эмес андан башка канча жандыктарды аткандыр. Мучомун деп коёт дагы.
Ар бир нерсенин жообу болот.
Жонокой эле эчкинин жейт бербейт беленер,ойногунар келсе бодоно,кекилик атып ойнобойсунарбы...
Созсуз бул кеп карындардын элге эле эмес,табияткка дазыяны тийип жашаш керек окшойт.