Депутаттар 2015-жылдын республикалык бюджетиндеги салык кирешесинин 5 миллиард 154 миллион сомго азайганы боюнча салык инспекциясына чара көрүүнү талап кылышты
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 15-декабрдагы жыйынында “КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Жыйында каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады. Депутаттар айрым өзгөртүүлөргө токтолушуп, салык кирешеси 5 миллиард 154 миллион сомго азайганын такташты. Комитет төрагасы Иса Өмүркулов: "Салык инспекциясына чара көргүлө. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып жатканда ушул маселе бьоюнча жооп бергиле. Чара көрүлбөсө, биз мыйзам долбоорун колдобойбуз",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-24
15:55
2026-02-24
15:08
2026-02-24
14:30
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















