super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Англиянын чемпиону "Челси" 9-ирет жеңилүү ызасын тартты, клуб байгелүү орундардан үмүт үздү

 

Өткөн сезондо футбол боюнча Англиянын Премьер-Лигасында чемпион аталган лондондук "Челси" футболдук клубу бул жылы кыйын мезгилди башынан өткөрүүдө. Клуб өлкө биринчилигинде 16 оюн өткөрүп, болгону 4 ирет жеңишке жетишкен. 3 оюн тең чыгуу менен аяктаса, 9 оюнда "көктөр" жеңилүү ызасын тартышкан.

"Челси" 15-декабрга караган түнү "Лестер" клубу менен беттеш өткөрүп, конокто 2:1 эсебинде жеңилди. Бул жеңиш менен "Лестер" мелдеш жадыбалында кайрадан 1-орунга көтөрүлдү.

Оюндан кийин "Челсинин" машыктыруучусу Жозе Моуринью комментарий берип, клуб быйылкы сезондо алдынкы төрттүккө кире албасын билдирди. Ошондо "Челси" кийинки жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасына катыша албай калат. "Өткөн сезондо мен оюнчуларды жаңы деңгээлге чыгарып, чемпиондукту багындыргам. Быйылкы сезондо менин шакирттерим жаңы деңгээлге чыга албай жатышат. Маселенин баары ушунда",- дейт Жозе.

Кошумчалай кетсек, Англияда чемпиондук үчүн күрөш 38 турдан турат. Азырынча 16 турдан кийин мелдеш жадыбалында "Лестер" 35 упай менен 1-орунда келүүдө. Кийин орундарда "Арсенал", "Манчестер Сити" жана "Манчестер Юнайтед" сыяктуу клубдар бар. "Челси" карамагындагы 15 упай менен 16-орунда келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.12.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жозе Моуриньеону Челси өз ордуна алып келет. Баарын мен,мен дей берет. Командадагы балдардын сый-урматына жетиш керек. Челси жакшылап жазасын берсе мен кубанычтамын.
15.12.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Челси озуно окшобой жатат.
15.12.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Моуриньо кучтуу тренер, быйыл болбосо келерки сезондо албетте чемп болот. ЛЧдо жакшы конул буруш керек эми..
15.12.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хе! Ийгиликке жетишсе бул себепкер экен да. Эми утулуп жатышса оюнчулар күнөөлүү экен. Кызык эле киши ушул..
16.12.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Otkon jyly Dortmundda uwundai abalga tuw kelgen ele.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: