super.kg logo

Бишкекте химия илимдеринин доктору Бектемир Мурзубраимовдун 75 жылдыгына карата көргөзмө өткөрүлөт

 

16-декабрда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагы боюнча сыйлыгынын лауреаты, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимовдун туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда аталган китепканадан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага президенттин, өкмөттүн аппаратынын расмий өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик ишмерлер, илимдин, билим берүүнүн, маданияттын кызматкерлери, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Белгилүү окумуштуу Мурзубраимов 300дөн ашуун илимий жана илимий-методикалык макалалардын, 19 окуу куралы жана монографиялардын автору, 12 ойлоп табуучулукка автордук укукка ээ. Б.Мурзубраимов КУИАнын корреспондент-мүчөсү, бир нече университеттердин (КТУ, ОшТУ, ОГПИ) ардактуу профессору. Анын жетекчилиги менен 17 аспирант кандидаттык жана 2 докторлук диссертацияларын жакташкан.

Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланып, 15 жыл эмгектенген.

Анын эмгеги жогору бааланып, III даражадагы Манас ордени, КМШнын Парламент аралык Достук ордени, СССРдин жана КРнын Элге билим берүүсүнүн отличниги, КРнын илим жана техника боюнча сыйлыгынын лауреаты, СССР ИАнын эстелик медалы, Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты. Ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: