super.kg logo

ӨКМ: Лейлекте кулаган бастырманын астында калган балдарды мугалимдер менен окуучулар чыгарышкан

 

14-декабрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айылында 2-класстын окуучуларынын үстүнө бастырма кулап, 9 бала жаракат алганын окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.

ӨКМнын басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, "Эгемендүүлүк" орто мектебинин чатырына уланып салынган бастырмага мектептин үстүнөн кар сүрүлүп түшүп, бастырма карды көтөрө албай сынып кеткен.

"Мектептин мугалимдери жана окуучулары бастырманын астынан окуучуларды чыгарышкан. Алар Ак-Суу айылындагы №11-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун "Тез жардам" унаасы менен Лейлек районунун борборундагы Исфана аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилишкен. Азыркы учурда жабырлануучулардын абалдары жакшы, дарылануусун улантышууда",- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, бастырма кулаганда анын астында ойноп жүргөн 2-класстын окуучулары Нуржигит Эгембердиевдин, Байэл Асранкуловдун, Сыймык Абдивалиевдин буту сынган. Ал эми Жумабек Камалов жеңил жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.12.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуну курган адамдарды, мектеп дирекорун чарба кызматкерин баарын айдаш керек. Ден соолукка зыян алып келгени учун чалачарпыт курган усталарды да жоопко тартуу керек. Мында да акча жеп кыскартып сапатсыз курушса керек ошон учун кулады. эртен мектептин дубалы урап калса деле чочулабайм тан калбайм
15.12.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактаптыр.сакайып келишсин.
15.12.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшылап куруш керек болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: