super.kg logo
  Саясат  

11 айда республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 102,1 миллиард сом суммасында аткарылды

 

Быйылкы жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эсепке алганда) 102 миллиард 90 миллион сом суммасында аткарылды же пландын 93,5 пайызы орундалды. Белгилүү болгондой, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы чыгаша 9 миллиард 618,8 миллион сомго же 10,4 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Корголгон чыгашалар беренелери боюнча 2015-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттен 69 миллиард 498,3 миллион сом же пландын 96,7 пайызы каржыланды. 2014-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда каржылоо 11,4 пайызга же 7 миллиард 136,9 миллион сомго көбөйдү.

Корголбогон чыгашалар беренелери боюнча 2015-жылдын 11 айында республикалык бюджеттен 8 миллиард 956,2 миллион сом каржыланды же пландын 84,0 пайызы орундалды. 2014-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда каржылоо 1 миллиард 106 миллион сомго же 14,1 пайызга көбөйдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: