super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Тигүүчүлөрүбүз Кыргызстан уникалдуу, атаандаштыкка жөндөмдүү товар жарата аларын далилдешти”

 

Бүгүн, 13-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 7-Эл аралык “Мода индустриясы – 2013” көргөзмө-жарманкеси ачылды. Жарманкеге Кыргызстандын тигүү жана текстиль өнөр жай ишканаларынын буюмдары коюлган. Иш-чаранын ачылышына Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана чет элдик коноктор катышты. Нарымбаев президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. “Тигүү тармагы Кыргызстанды чет өлкөгө тааныткан бренд болуп калды. Алыскы өлкөлөрдө “Кыргызстанда жасалган” деген этикеткасы бар тигүү буюмдары жана тордолгон кийимдер жөнүндө абдан көп мактоо сөздөрдү айтышат. Өкмөт текстиль-тигүү өндүрүшү үчүн технополис уюштуруу жөнүндө сунуш киргизгендигин сиздерге кубануу менен билдирем. Биздин тигүүчүлөрдүн иш-аракеттери кыргызстандыктар иштей аларын, уникалдуу, атаандашууга жөндөмдүү товар жарата аларын далилдеди. Өлкөбүздө пайдаланыла элек зор потенциал бар. Биргелешип, болушунча өжөрлүк жана эмгектенүү менен биз күчтүү, бай жана бакубат Кыргызстанды курарыбызга ишенем”,- деп айтылат куттуктоодо. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: